Жаңылыктар
05.03.2025 10:53
Кароолор: 1441
АК КАЛПАК – АЛА-ТООНУН СИМВОЛУ
АК КАЛПАК – АЛА-ТООНУН СИМВОЛУ
Кыргызстанда 5-март – Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү. Бул күн 2016-жылдан тарта расмий түрдө белгиленип келет.
Улуу мурасты, тынчтыкты, бейпилдикти, маданиятты даңазалаган улуттук баш кийим аркылуу кыргыз элинин жүзүн, ак кар баскан Ала-Тоосун, көк тиреген чокуларын таанууга болот.
Ата-бабанын улуттук наркын жана намысын бийик сактаган эр-азаматтарыбыз аман болуп, аздектеп кийген эң ыйык кийими – ак калпагы ар дайым бийик болсун!
КР ӨКМдин жалпы жамааты кыргызстандыктарды ак калпак күнү менен куттуктайт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР