Жаңылыктар
05.03.2025 18:39
Кароолор: 209
АК КАЛПАГЫМ – СЫЙМЫГЫМ
Бүгүн Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында “Апам жапкан нанды сагындым” долбоорунун алкагында жоокерлер менен жолугушуу өттү. Иш-чарага Элмира Бекмуратова, Кызыл Сеңир айымдары жана “Шайыр апалар” тобу катышты.
Коноктор жоокерлерге чакан концерт тартуулап, моралдык дем-күч беришти. Өз кезегинде, жоокерлер 5-март – Ак калпак күнүнө карата өз программасын аткарып, мекенчилдик духун көтөрүштү.
Э. Бекмуратова жоокерлер менен баарлашып, кызматтарына ийгиликтер каалады. Ал эми отряддын командири, подполковник М. Эргешов конокторго ыраазычылык билдирип, аскер кыз-келиндерин 8-март – Айымдардын эл аралык күнү менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.
Ошондой эле, Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин төрайымынын атынан өзгөчөлөнгөн аскер айымдарына Ардак грамоталар жана белектер ыйгарылды.
Бул жолугушуу жоокерлерге зор руханий азык берип, мекенчилдик сезимди бекемдөөгө салым кошту. Ак калпак – улут сыймыгы!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР