Жаңылыктар

11.11.2024 18:04

   Кароолор: 200

АК-БУУРАГА ТҮШҮП КЕТКЕН НАРИСТЕНИ ИЗДӨӨ ТОКТОТУЛДУ

Ош шаарынын Жаңы-Маала айылында Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен 5 жаштагы баланы издөө иштери Өзбекстан Республикасынын чек арасына чейин улантылып, натыйжа болбогондугуна байланыштуу токтотулду.

Кечээ, 10-ноябрь күнү жана бүгүн издөө иштерин ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматы, милиция кызматкерлери, жергиликтүү тургундардан жалпы 50дөн 71 адамга чейин адам жүргүзүп келишти.

Белгилей кетсек, 2019-жылы туулган С.И. аттуу жаш бала 9-ноябрь күнү, Ак-Буура дарыясынын жээгинде ойноп жатып дарыяга түшүп кеткени тууралуу жана издөө ишине көмөктөшүү боюнча кат Ош шаардык ШИИБи тарабынан 9-ноябрь күнү ӨКМге түшкөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу