Жаңылыктар

15.07.2024 12:36

   Кароолор: 336

АК-БУУРА ДАРЫЯСЫНАН ТАБЫЛГАН ЭКИНЧИ АДАМДЫН ӨЗДҮГҮ ТАКТАЛДЫ

Бүгүн, 15-июль күнү Ош шаарынын Катта-Терек участкасында Ак-Буура дарыясынан (Өзбекстандын чек арасына 500м жетпей жеринде) ӨКМдин куткаруучусу Алтынбек Исабеков тарабынан саат 11:30да аял кишинин сөөгү табылган.

Такталган маалымат боюнча, табылган жаран буга чейин изделип жаткан 1980-жылы туулган Н.Д . аттуу аял киши ( кыздардын апасы). экени аныкталды.

Аталган жарандын сөөгү куткаруучулар тарабынан дарыядан алып чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу