Жаңылыктар

15.05.2025 23:53

   Кароолор: 150

АК-БУУРА ДАРЫЯСЫНАН ӨСПҮРҮМ ИЗДЕЛҮҮДӨ

Бүгүн Ош шаарынын Төлөйкөн айылынан Ак-Буура дарыясына болжол менен 10-12 жаштагы бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине Ош шаардык Куткаруу кызматынан 8 куткаруучу тартылды. Буга кошумча ИИМден 5 кызматкер, туугандарынан 4 адам, жалпы 17 адам издөөгө чыгышкан.

Кеч киргендигине байланыштуу издөө иши убактылуу токтотулду. Издөө иштеринин жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу