Жаңылыктар
16.05.2025 09:36
Кароолор: 300
АК-БУУРА ДАРЫЯСЫНА ТҮШҮП КЕТКЕН ЖАШ БАЛАНЫ ИЗДӨӨГӨ 254 АДАМ ТАРТЫЛДЫ
Ош шаарынын Төлөйкөн айылынан Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен жаш баланы издөөгө бүгүн, 16-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 9 куткаруучу, ИИМдин Ички аскерлеринен 209 кызматкер, туугандарынан 24 адам, жалпы 254 адам тартылды.
Белгилей кетсек, Ак-Буура дарыясына болжол менен 10-12 жаштагы бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат кечээ 112 кызматына түшкөн. Ошондон бери издөө уланууда.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР