Жаңылыктар

28.11.2023 17:14

   Кароолор: 495

“АЮ ГРАНД” СООДА БОРБОРУНДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратынын кызматкерлери 2023-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында жайгашкан “Аю Гранд” соода борборунда өрт-тактикалык машыгуусун уюштурушту.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник У.М.Шамыркановдун жетекчилиги алдында өткөрүлгөн машыгууда министрликтин адистери “Аю Гранд” соода борборундагы тейлөө кызматкерлеринин жана кардарлардын өрт кырсыгы катталган учурдагы иш аракеттерин, эвакуациялоо иштеринин жүрүшүн баалашты.

Мындан сырткары ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн өрт өчүрүүчү-куткаруучуларынын күжүрмөн жана атайын даярдыгы текшерилди.

Сценарийге ылайык машыгуу капысынан болуп, соода борборунда белгиленген 4 жерге атайын түтүн чыгаруучу каражаттар ташталган. Имараттын ичиндеги бардык кардарлар жана тейлөөчүлөр коопсуз жайга эвакуацияланып, атайын өрттүн алдын алуу жана пропагандалоо автоунаасы аркылуу жарандарга “өрт коопсуздугунун эрежелери”, “өрт чыккан учурдагы жарандардын иш аракеттери”, “жарандарды эвакуациялоо эрежелери” аталышындагы түшүндүрүү иштери уюштурулду.

Бул иш-чарага Бишкек шаарынын өрт өчүрүүчү 4, соода борбордун 1 күжүрмөн эсеби тартылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу