Жаңылыктар
14.09.2023 09:53
Кароолор: 570
Айттырбай келбей кырсыкта кандай кадам жасоо керек?
АЙТТЫРБАЙ КЕЛБЕЙ КЫРСЫКТА КАНДАЙ КАДАМ ЖАСОО КЕРЕК?
КАЛКТЫН КАМЫН КӨРГӨН КӨЧМӨ ОКУУ
Ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар учурунда калкты туура жүрүм-турум эрежелерин үйрөтүүгө, даярдыгын жогорулатууга жана кырсыктардын алдын алууга багытталган көчмө окутуу уланууда.
Бул ирет Борбор калаанын Арча-Бешик жана Ак-Өргө конушунун тургундары үчүн адистер жеринде барып сабактарды өтүштү.
Көчмө окуу ӨКМдин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун окутуучу курамы жана Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин райондук ӨК бөлүмү тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.