Жаңылыктар

16.11.2023 10:16

   Кароолор: 1370

АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ – КЫЛЫМДАРГА ЖАШАЙТ

“Кыргыз тили жана Айтматов аалымы” аталышындагы иш-чара ӨКМге караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунда өттү.

Иш-чарада борбордун кызматкерлери Ч. Айтматовдун чыгармаларына кеңири токтолушуп, кенен талкууга алышты. Анткени Айтматовдун эмгектеринде терең философиялык ойлор камтылып, кыргыз элинин адабият казынасындагы баасы жок байлык катары жашап, улуттун аң-сезимин элине, мекенге болгон сүйүүсүн ойготот.

Ошондой эле борбордун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилдин кабыл алынгандыгынын 34-жылдыгына карата, учурдагы тилдин абалы жана келечеги боюнча ой-пикирлерин ортого салышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу