Жаңылыктар
27.03.2024 17:47
Кароолор: 370
АЙМАКТЫК ООРУКАНАДА ТҮНКҮ МАШЫГУУ
ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын Ысык-Ата району боюнча бөлүмүнүн өрт өчүрүүчүлөрү, куткаруучулары Кант шаарында жайгашкан аймактык ооруканада түнкү өрт-тактикалык машыгуусун өткөрүштү.
Машыгууда имараттын 1-кабатынан рентген бөлмөсүнөн өрт чыгып, оорукананы кара түтүн каптаган. Ичинде калган адамды эвакуациялоо үчүн 3 муунактуу шаты менен түшүрүп, коопсуз жайга чыгарышкан.
Соңунда, өздүк курамдын жана медицина кызматкерлеринин иш аракеттерине баа берилип, машыгуунун жыйынтыгы чыгарылды.
Иш-чаранын негизги максаты – өздүк курамдын кызматтык чеберчилигин жогорулатуу, медицина кызматкерлери менен даарылануучулар ар кандай кырсыктарда өзүн алып жүрүү көндүмдөрүн үйрөтүү жана ишке ашыруу.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР