Жаңылыктар
15.06.2024 16:19
Кароолор: 388
АЙДООЧУЛАРГА ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ КАРАЖАТЫ БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ
13-июнь күнү Бишкектин Ала-Тоо аянтында унаалар токтотулуп, айдоочуларга өрт өчүрүүчү каражаттар берилди.
Күтүүсүздөн берилген белекке айдоочулар кубануу менен кабыл алып, уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиришти.
Унаа ээлери үчүн маанилүү жана жагымдуу болгон иш-чара "Jubilee Kyrgyzstan" камсыздандыруу компаниясынын демилгеси жана колдоосу менен Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызмат жана ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын уюштуруусунда өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында ӨКМдин адистери унаадагы өрт коопсуздук эрежелерин, ал эми ИИМдин кайгуул кызматынын кызматкерлери жол коопсуздук эрежелерин жеткирип, нускамаларды таратышты.
Белгилей кетсек аталган иш-чара 15-июнь – Өрткө каршы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгына карата өткөрүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР