Жаңылыктар

14.10.2024 14:02

   Кароолор: 514

АЙДООЧУЛАРГА КУЛАК КАГЫШ! БИЙИК ТООЛУУ УНАА ЖОЛДОРУ ЖАЗ МЕЗГИЛИНЕ ЧЕЙИН ЖАБЫЛДЫ

ӨКМ ЭСКЕРТЕТ!

АЙДООЧУЛАРГА КУЛАК КАГЫШ!

БИЙИК ТООЛУУ УНАА ЖОЛДОРУ ЖАЗ МЕЗГИЛИНЕ ЧЕЙИН ЖАБЫЛДЫ

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун Кара-Буура ашуусундагы каттамы жана Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусундагы каттамы 14-октябрдан баштап жабылды.

Белгиленген унаа жолдорунда өзгөчө кырдаалдын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында Чаткал жана Сузак райондук мамлекеттик администрация башчыларынын буйругу чыгарылып, 2025-жылдын жаз мезгилине чейин жол эки тараптуу жабылганын маалымдады.

Урматтуу айдоочулар! Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан берилген шашылыш эскертүүлөргө маани берип, өзүңүздүн жана жүргүнчүлөрүңүздү өмүрүн сактап калыңыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу