Жаңылыктар

06.01.2025 01:07

   Кароолор: 318

АЙДООЧУЛАРДЫН ЭСИНЕ! ООР ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА УБАКТЫЛУУ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛГЕН

Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында, Токтогул районунун “Арал” постунда жана Жайыл районунун Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 01:00дөн тартып (№9 жана №23 ЖТИнин сунушутары боюнча) убактылуу чектөө киргизилген. Унаа жолдун абалы жакшырган учурда чектөө алынат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу