Жаңылыктар

08.12.2024 17:45

   Кароолор: 497

АЙДООЧУЛАРДЫН ЭСИНЕ! ООР ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА УБАКТЫЛУУ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛГЕН

Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында, Жайыл районунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 17:20дан тартып убактылуу чектөө киргизилди.

Белгилей кетсек, Бишкек-Ош унаа жолунун Токтогул районундагы"Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө, бүгүн эрте менен киргизилген убактылуу чектөө күчүндө турат.

Унаа жолдун абалы жакшырган учурда чектөө алынат. Кошумча маалымат берилет.

КР КМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу