Жаңылыктар

09.11.2024 09:58

   Кароолор: 164

АЙДООЧУЛАРДЫН ЭСИНЕ!

Урматтуу айдоочулар!

Алыс жолго чыгууда коопсуздук эрежелерин жана унаалар ортосундагы аралыкты сактаңыздар.

Кечээ, 8-ноябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында (тоннелдин түндүк чыга бериши) тыгын пайда болгондугуна байланыштуу тоннелдин түштүк тарабынан (129-чакырымы) унаалардын бардык түрүнө саат 19:00дөн тартып бир тараптуу чектөө киргизилген. Кырдаал жоюлганга чейин саат 19:50дөн тартып "Сосновка" постунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.  

Түзүлгөн кырдаал жоюлуп, К.Көлбаев атындагы тоннел эки тараптуу ачылып, "Сосновка" постунда жеңил унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 20:55те алынган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу