Жаңылыктар

19.03.2025 15:46

   Кароолор: 550

AFAD ӨКҮЛДӨРҮ КУТКАРУУЧУЛАРДЫ ДАЯРДООЧУ МАМЛЕКЕТТИК БОРБОРУНУН "ИНСАРАГ" ТОБУН ОКУТУУДА

2025-жылдын 17-мартынан 22-мартына чейин ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда Түркия Республикасынын Кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу министрлигинин (AFAD) өкүлдөрүнүн жетекчилиги менен КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары үчүн теориялык окуу өткөрүлүүдө. Бул окуу куткаруу топтун INSARAG эл аралык тутумуна киргизүүгө даярдоонун маанилүү этабы болуп саналат.

Курстун негизги максаты – Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларын INSARAG эл аралык стандарттары менен тааныштыруу. Бул стандарттар кыйроо зоналарында издөө-куткаруу операцияларын уюштурууну жана өткөрүүнү жөнгө салат.

AFAD инструкторлору кыргыз куткаруучуларын эл аралык аттестация жана аккредитациядан өткөрүү боюнча методикалык жана консультативдик жардам көрсөтүшүүдө. Бул кадам КР ӨКМдин эл аралык аренадагы даярдык деңгээлин жана натыйжалуулугун жогорулатууга олуттуу салым кошот.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу