Жаңылыктар

15.12.2024 09:52

   Кароолор: 336

AFAD ӨКҮЛДӨРҮ КУТКАРУУЧУЛАРДЫ ДАЯРДООЧУ МАМЛЕКЕТТИК БОРБОРДО “ИНСАРАГ” ТОБУНУН ДАЯРДЫГЫН КӨРҮШТҮ

Кечээ, 13-14-декабрда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Куткаруучулары даярдоочу мамлекеттик борбордун башчысы, подполковник Ырысбек Жолдошбаев Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин AFAD Кырсыктарга каршы аракеттенүү жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу башкармалыгынын жетекчиси, доктор Садин Эргин мырза баш болгон делегаттарын кабыл алды.

Алар борбордогу ИНСАРАГ тобунун эл аралык уюмга кирүү даярдыгы менен таанышып, табигый кырдаалдар учурунда жүргүзүлө турган издеп-куткаруу иштерин куткаруучулар практика жүзүндө көрсөтүштү.

Эки өлкөнүн куткаруучулары кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелеринин бири – Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу отрядынын эл аралык уюмга кирүү талаптарын талкуулашып, негизги милдеттерине токтолду.

Садин Эргин мырза өткөн жылы Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда кыргыз куткаруучуларына ыраазычылык билдирип, ИНСАРАГ уюмуна кирүүсүнө ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун алкагында куткаруучулардын кесиптик чеберчилигин мындан ары да өнүктүрүүнү, квалификациясын жогорулатууну, тажрыйба алмашууну талкуулашты.

Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин буйругунун негизинде 2025-жылы глобалдык тармакка кошулууга жана куткаруучулар үчүн ИНСАРАГ сертификатын расмий түрдө алууга кызуу даярдык көрүүдө. 90дон ашуун өлкөнүн башын бириктирген дүйнөлүк уюмга мүчө болуу үчүн Кыргызстанда 2022-жылдан тарта активдүү аракеттер башталган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу