Жаңылыктар
16.02.2026 17:54
Кароолор: 119
АДЫЛБЕК КАСЫМАЛИЕВ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНИН ЖАМААТЫНА МИНИСТРДИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ УРМАТБЕК ШАМЫРКАНОВДУ ТААНЫШТЫРДЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жамаатына жаңы жетекчини – өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу, генерал-майор Урматбек Шамыркановду тааныштырды.
Министрлер Кабинетинин башчысы Урматбек Шамыркановдун бул кызматка дайындалышы анын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүндөгү бай тажрыйбасы менен байланыштуу экенин баса белгиледи. Ал заманбап чакырыктардын жана коркунучтардын шартында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин иши өзгөчө актуалдуу болуп, жогорку кесиптик даярдыкты жана ыкчамдуулукту талап кыларын белгиледи.
«Сиздин тажрыйбаңыз жана билимиңиз менен министрликтин ишин натыйжалуу уюштуруп, башка мамлекеттик органдар жана кызматтар менен өз ара аракеттенүүнү жолго коё аласыз, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча алдын алуу чараларын күчөтөсүз деп ишенем», — деди Адылбек Касымалиев.
Сөзүнүн аягында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Урматбек Шамыркановго жооптуу кызматта ийгиликтерди каалап, бардык коюлган милдеттерди ишке ашырууда колдоо көрсөтөрүн билдирди.
Өз кезегинде генерал-майор берилген ишенимди толук жана жоопкерчиликтүү аткарууга ар дайым даяр экенин, мындан ары да бардык күч-аракет өлкөнүн, калктын коопсуздугуна багытталарын белгилеп өттү.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоо үчүн макулдашууга киргизилди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР