Жаңылыктар

12.09.2024 10:20

   Кароолор: 573

АДАМ ӨМҮРҮН АЛГАН ӨРТ КЫРСЫГЫНЫН АЛДЫН АЛ!

Балдарды кароосуз калтырбаңыз!

2024-жылдын январь айынан апрель айына чейин балдардын шалаакы мамилесинен улам республика боюнча 38 өрт кырсыгы катталган. Келтирилген материалдык чыгым 3 394 406 сомду түзгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ата-энелерди жоопкерчиликтүү мамиле кылуу менен төмөнкү эрежелерди так сактоону эскертет:

- ширеңке, көгүлтүр от тутанткычын (зажигалка) балдар жетпеген жерге сактаңыз;

- электр буюмдары менен ойноого, өз алдынча күйгүзгөнгө, от жагууга жол бербеңиз;

- өрт чыккан учурда дароо коопсуз жерге чыгуу керектигин түшүндүрүңүз;

- "112" – бирдиктүү мамлекеттик нөөмөтчү-диспетчердик кызматын , "101" – өрт өчүрүү кызматынын номерлерине кайрылуу керектигин үйрөтүңүз.

❗Эсиңизде болсун! Балаңыздын кандай буюмдар менен ойноп жатканына көңүл буруңуз. Кооптуу жерлерге баруусуна жол бербеңиз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу