Жаңылыктар
12.09.2024 10:20
Кароолор: 1007
АДАМ ӨМҮРҮН АЛГАН ӨРТ КЫРСЫГЫНЫН АЛДЫН АЛ!
Балдарды кароосуз калтырбаңыз!
2024-жылдын январь айынан апрель айына чейин балдардын шалаакы мамилесинен улам республика боюнча 38 өрт кырсыгы катталган. Келтирилген материалдык чыгым 3 394 406 сомду түзгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ата-энелерди жоопкерчиликтүү мамиле кылуу менен төмөнкү эрежелерди так сактоону эскертет:
- ширеңке, көгүлтүр от тутанткычын (зажигалка) балдар жетпеген жерге сактаңыз;
- электр буюмдары менен ойноого, өз алдынча күйгүзгөнгө, от жагууга жол бербеңиз;
- өрт чыккан учурда дароо коопсуз жерге чыгуу керектигин түшүндүрүңүз;
- "112" – бирдиктүү мамлекеттик нөөмөтчү-диспетчердик кызматын , "101" – өрт өчүрүү кызматынын номерлерине кайрылуу керектигин үйрөтүңүз.
 Эсиңизде болсун! Балаңыздын кандай буюмдар менен ойноп жатканына көңүл буруңуз. Кооптуу жерлерге баруусуна жол бербеңиз.
Эсиңизде болсун! Балаңыздын кандай буюмдар менен ойноп жатканына көңүл буруңуз. Кооптуу жерлерге баруусуна жол бербеңиз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
 КР ӨКМ
                        
                            КР ӨКМ                        
                     
                         
                                     
                                     
                    