Жаңылыктар
30.05.2025 09:07
Кароолор: 401
АДАМ ӨМҮРҮН АЛГАН ӨРТ КЫРСЫГЫНЫН АЛДЫН АЛ! БАЛДАРДЫ КАРООСУЗ КАЛТЫРБАҢЫЗ!
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ата-энелерди жоопкерчиликтүү мамиле кылуу менен төмөнкү эрежелерди так сактоону эскертет:
- ширеңке, көгүлтүр от тутанткычын (зажигалка) балдар жетпеген жерге сактаңыз;
- электр буюмдары менен ойноого, өз алдынча күйгүзгөнгө, от жагууга жол бербеңиз;
- өрт чыккан учурда дароо коопсуз жерге чыгуу керектигин түшүндүрүңүз;
- "112" – бирдиктүү мамлекеттик нөөмөтчү-диспетчердик кызматын , "101" – өрт өчүрүү кызматынын номерлерине кайрылуу керектигин үйрөтүңүз.
Эсиңизде болсун! Балаңыздын кандай буюмдар менен ойноп жатканына көңүл буруңуз. Кооптуу жерлерге баруусуна жол бербеңиз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР