Жаңылыктар

08.08.2024 07:09

   Кароолор: 488

АЧЫК АЯНТТА ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ

Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу Ч. Айтматов көчөсүндөгү суутоптогон станциянын аймагындагы ачык аянтта куураган чөптөн чыккан өрт таңкы саат 6:53дө өчүрүлдү.

Өрт 8-августту караган түнү чыгып, тилсиз жоонун аянты 3 гектарды түзгөн. Куураган чөп, чуңкурдагы отун жана курулуш таштандылары күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 00:06де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Жабыркагандар жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу