Жаңылыктар

01.07.2024 17:41

   Кароолор: 233

АБШЫР-АТА ЖОЛУ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛИП, ЖОЛ АЧЫЛДЫ

 

Абшыр-Ата айылындагы Шаран-Сай көпүрөсү 1-июль күнү 4 сааттын ичинде калыбына келтирилди.

Жол каттамын ачуу максатында ӨКМден 5 инженердик техника, ошондой эле Түштүк-Кыргызцемент заводунан 4 атайы техника тартылган.

Эртең менен саат 9:00дө башталган жумуш 13:00дө толугу менен бүткөрүлүп, унаалардын бардык түрү үчүн жол ачылды.

Белгилей кетсек, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында 30-июнь күнү, Көк-Жар – Абшыр-Ата унаа жолунун 8-км Шаран-Сай көпүрөсү селден улам жараксыз абалга келген. Натыйжада Кулатов жана Көк-Жар айыл аймактарынын ортосундагы жол каттамы үзгүлтүккө учураган.

Абшыр-Ата унаа жолу N37 Жол тейлөө ишканасынын карамагындагы турат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу