Жаңылыктар
11.06.2025 13:18
Кароолор: 385
АБИТУРИЕНТ – 2025. КУТКАРУУЧУ БОЛГУҢУЗ КЕЛЕБИ? АНДА СИЗГЕ ТӨМӨНКҮ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫ СУНУШТАЙБЫЗ
Келечекте сапаттуу жогорку билим алууну, куткаруучу болууну жана жакындарыңыз сиз менен сыймыктануусун кааласаңыз, анда Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төмөнкү окуу жайларга тапшырууну сунуштайт:
Советтер союзунун баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институту (адистиги: Жарандык коргонуунун тактикалык аскерлеринин командачылыгы);
Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын академиясы (Техносферанын коопсуздугу багытында өрт коопсуздугу профили боюнча);
Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу академиясы (Техносферанын коопсуздугу багытында өзгөчө кырдаалдардан коргоо профили боюнча);
Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын Санкт-Петербург университети (Өрт коопсуздугу багытында өрткө каршы мамлекеттик өрт көзөмөлү профили боюнча);
Малик Габдуллин атындагы Граждандык коргонуу академиясы Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (өрт коопсуздугу адистиги боюнча).
Бул окуу жайларды аяктаган бүтүрүүчүлөргө лейтенант аскердик наамы ыйгарылат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР