Жаңылыктар
22.08.2024 19:05
Кароолор: 758
АБАЛ ТУРУКТАШЫП, ЭВАКУАЦИЯЛАНГАН ЖАШООЧУЛАР ӨЗ ҮЙЛӨРҮНӨ КАЙТЫШТЫ
Бүгүн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагында абал турукташкандыгына байланыштуу коопсуз жайга эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтып келишкен.
Айыл аймак тарабынан 2 экскаватор, 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылып, коктудан түшкөн суунун нугун Тоң суусуна буруп, суу каптоо коркунучу жоюлган.
Учурда жеринде райондук жарандык коргонуу кызматтарынан турган нөөмөт уюштурулган.
Белгилей кетсек, 21-августта Зындан көлү жырылып Б.Мамбетов айыл аймагына тиешелүү Туура-Суу айылына, Балык завод тилкесинде жашагандарга кооптуулук жаралган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР