Жаңылыктар
29.11.2024 11:22
Кароолор: 375
АБА ЫРАЙЫНЫН ӨЗГӨРҮШҮНӨ БАЙЛАНЫШТУУ КООПТУУ ТАБИГЫЙ ПРОЦЕССТЕР АКТИВДЕШҮҮСҮ МҮМКҮН
Үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрь жана 1-2-декабрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшүнө жана күтүлүп жаткан кар, жаан-чачынга байланыштуу ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдарына ылайык республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча Чүй облусунун Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, жана Панфилов райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Тоң райондорунда, Нарын облусунун Нарын, Ак-Талаа жана Жумгал райондорунда, Талас облусунун Айтматов, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунда, Жалал-Абад облусунун Аксы, Ноокен, Токтогул, Базар-Коргон, Сузак жана Тогуз-Торо райондорунда, Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунда, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда, ошондой эле Бишкек, Ош шаарларынын аймактарында кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү күтүлөт.
Андан сырткары республиканын унаа жолдорунун участкаларында, айрыкча:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 9, 86-87, 90-94, 96-107, 110-114, 197-199, 203-209 221-251, 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426, 614-632, 647-658-чакырымдарында;
- Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138-чакырымдарында;
- Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-5, 12-13, 22-24- чакырымдарында;
- Бишкек – Торугарт унаа жолунун 111-117, 119-122, 121-125-чакырымдарында;
- Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 23-29, 39, 43-49, 59-65, 68-74, 78-80, 121-124, 133-чакырымдарында;
- Мырза-Аке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56 чакырымдарында;
- Балыкчы – Ананьево - Каракол унаа жолунун 174-чакырымында кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү мүмкүн.
Андыктан ӨКМ республиканын жарандарын жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жергиликтүү ӨКМ органдарына кайрылуу сунушталат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР