Жаңылыктар

17.05.2024 13:10

   Кароолор: 624

АБА ЫРАЙЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! НӨШӨРЛӨГӨН ЖАМГЫР ЖААП, СЕЛ ЖҮРҮШҮ КҮТҮЛӨТ

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 18-20-май күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

✅УРМАТТУУ ЖАРАНДАР!

Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайбыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу