Жаңылыктар

30.10.2023 13:06

   Кароолор: 865

АБА-ЫРАЙЫ КЕСКИН ӨЗГӨРҮП, ТООЛУУ РАЙОНДОРДО КАР ЖААЙТ

2023-жылдын 31-октябрында эртең менен жана күндүз ошондой эле 1-2-ноябрда Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

31-октябрда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

31-октябрда жана 1-2-ноябрь күндөрү абанын температурасы төмөндөп:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде 0...-2

күндүз 7…12;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -1...-3,

күндүз 6…11;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -1...-3, күндүз 5…10;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде 0...-2,

күндүз 6…11;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-5,

күндүз 6…11 жылуу болушу күтүлөт.

Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3…-8 ,

күндүз 1…6 , бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5 суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

✅Кыргыз республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет:

- унааңызды кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырыңыз;

- алыскы жолго чыгууда дары-дармек, тамак-аш, суу, күрөкчө, дөңгөлөк чынжырчасын алыңыз;

- Унаалардын ортосундагы 500метр аралыкты сактаңыз.

Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу