Жаңылыктар

29.08.2023 11:34

   Кароолор: 1154

Аба кемелеринин кырсыктарында издеп-куткарууну даярдоо жана уюштуруу боюнча кеңешмеси өттү

Кечээ, 28-августта КР ӨКМдин Борбордук аппаратында Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин, «Аэронавигация» мамлекеттик ишканасынын жана аскердик тутумдун, ошондой эле Жарандык авиацияда издөө жана куткаруу боюнча координациялык борбордун өкүлдөрүнүн кеңешмеси өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында авиакырсык болгон учурда издеп-куткаруу иш-чараларын жүргүзүү боюнча авиациялык бөлүмдөрдүн жетекчилигинин аракеттери боюнча маселелер талкууланды.

Жыйындын негизги максаты – кырсык болгон учурда аракеттердин алгоритмин иштеп чыгуу, маалыматтарды берүү, учакты издөөнү уюштуруу жана жабыркагандарды куткаруу.

Жакынкы күндөрү боло турган иш-чаранын катышуучулары өлкө аймагында авиакырсыктын кесепеттерин жоюда боюнча аба операциялары менен машыгышат.

Жыйында Жарандык авиация чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актылар менен таанышып, ошондой эле алдыдагы машыгуулардын планынын долбоорун даярдоо чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин адистештирилген кызматтары, “Аэронавигация” мамлекеттик ишканасы, ошондой эле Жарандык авиацияда жарандарды издөө жана куткаруу боюнча координациялык борбор менен биргеликте аба кемесинин кырсыгы катталган учурдагы издөө-куткаруу машыгуусун өткөрөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу