Жаңылыктар
08.12.2023 11:21
Кароолор: 1019
ААЛАМДЫН АЛП ЖАЗУУЧУСУ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВГО 95 ЖЫЛ
Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Кыргыз тили жана Чыңгыз Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, улуттук адабиятты даңазалоо жана Айтматов ааламын ар тараптуу ачып берүү анын чыгармаларын жайылтуу, улуу жазуучунун өрнөктүү жолун жаштарга үлгү кылуу менен келечектеги жаш муунду мекенчилдикке, адамкерчиликке тарбиялоо болуп саналат.
Иш-чара Өзгөчө кырдаалдар министрдин орун басары Эделбек Кулматовдун куттуктоо сөзү менен башталып, ӨКМ тарабынан “Ак кеме” чыгармасынын негизинде тартылган кыска метраждуу тасма көрсөтүлдү. Катышуучулар улуу жазуучунун чыгармалары, кыргыз тилине кошкон зор салымы тууралуу пикирлерин билдиришип, кызуу талкуу жүрдү. Жыйынтыгында активдүү катышуучуларга ӨКМ тарабынан атайын белектер берилди.
Белгилей кетсек, бул иш-чарага Бишкек гуманитардык университетинин улук окутуучусу Кылычев Эсентур Мукаевич, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Кутмырза Жакыбалиев, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин улук окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты, доцент Сайра Исаева, окутуучу Виктория Кринвальд, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук
университетинин улук окутуучусу Балбак кызы Лариса жана студенттер катышышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР