Жаңылыктар
28.04.2025 15:30
Кароолор: 251
"ЖАШЫЛ МУРАС": КУТКАРУУЧУЛАР КӨЧӨТ ОТУРГУЗУУ СААМАЛЫГЫН УЛАНТУУДА
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Чыйырчык жайлоосунда 30 гектар жерге 15000 көчөт отургузулду.
"Жашыл мурас" улуттук программасынын алкагында колго алынып жаткан бул саамалык ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын жана министрликке караштуу Токой кызматынын адистери тарабынан ишке ашырылды.
Мындай аракеттер аймакта сел кырсыктарынын алдын алуу, жаратылышты, токой экосистемаларын байытуу жана экологияны коргоого өбөлгө түзмөкчү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР