Жаңылыктар

05.10.2023 12:00

   Кароолор: 830

"Жаш куткаруучу" таймашы мекенчилдикке тарбиялайт

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда "Жаш куткаруучулар" сынагы өтүүдө.

Аталган саамалык "5-октябрь — Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигин азайтуу күнүнө" карата жарыяланган бир айлыктын алкагында Жарандык коргонуу кызматтарын даярдоо жана кайра даярдоо борборунун адистери уюштурушууда.

Бүгүнкү жыйынтыктоочу салтанатта ӨКМдин облустук жана шаардык башкармалыктын, райондук бөлүмдөрдүн куткаруучулары өлкө аймагындагы мектеп окуучуларынын арасында сынак өткөрүп, мыкты деп табылган 2 шаардын, 7 облустун "Жаш куткаруучулар" командалары таймашууда.

Бул сынактын негизги максаты — окуучуларга айттырбай келген күтүүсүз кырсыктардын алдын алууну, техногендик жана табигый мүнөздөгү кырдаалдар катталган учурда өзүн өзү алып жүрүүнү, жабыркаган жарандарга алгачкы жардам көрсөтүүнү дегеле кырсыктарды таанышууну окуучуларга таанытуу болуп саналат.

Эң башкысы өспүрүмдөрдүн мекенчилдик сезимдерин ойготууга, келечекте куткаруучуу болууга жана "Сактоо, коргоо, жардам" чакырыгын туу тутууга тарбиялайт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу