Жаңылыктар

30.03.2024 10:04

   Кароолор: 367

"УЛУТТУК ТАЗАЛЫК КҮНҮНӨ" КАРАТА ИШЕМБИЛИК ӨТТҮ

Бүгүн 30-март күнү ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы жана ага караштуу түзүмдүк бөлүмдөрүндө жалпы ишембилик өтүүдө.

Анда башкармалыктын кызматкерлери облустук түзүмдөр менен биргеликте Каракол шаарындагы "Жеңиш" сейил багын тазалоого катышып, ал эми район, шаарлар боюнча ӨКБларда тийиштүү аймактарда жана өрт өчүрүүчү-куткаруучу бөлүктөрдүн айлана-чөйрөсүн иретке келтирип, жол жээгиндеги таштандыларды, суу өтүүчү арыктарды тазалоодо.

Эске сала кетсек ишембилик Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу