Жаңылыктар

24.01.2025 09:14

   Кароолор: 526

"СОСНОВКАДА" ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА ЧЕКТӨӨ АЛЫНДЫ

Бишкек–Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн саат 08:35те алынды.

Унаа жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында "Сосновка" постуна кечээ саат 18:00дөн тартып №9 ЖТИнин сунушу боюнча жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу