Жаңылыктар

08.03.2025 10:35

   Кароолор: 803

"СОСНОВКА" жана "АРАЛ" ПОСТТОРУНДАГЫ ЧЕКТӨӨ АЛЫНДЫ

Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 8-мартта саат 10:15те алынды.

Белгилей кетсек, 6-мартта Бишкек - Ош унаа жолунда жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу