Жаңылыктар

23.01.2025 13:26

   Кароолор: 810

"СОСНОВКА" ПОСТУНДАГЫ ЧЕКТӨӨ АЛЫНЫП, ТОЛУК АЧЫЛДЫ

Бишкек–Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө 23-январда саат 13:00дө алынды.

Кечээ Чүй облусунун Жайыл районунда саат 16:15 чамасында Бишкек–Ош унаа жолунун 127-чакырымында кар көчкү түшүп, тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. Ошого байланыштуу саат 16:20дан тартып Бишкек–Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген эле.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу