Жаңылыктар

03.03.2025 07:08

   Кароолор: 268

"СОСНОВКА" ПОСТУНДА ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ

Жайыл районундагы Бишкек - Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө бүгүн, 3-мартта саат 06:10дон тартып убактылуу чектөө киргизилди.

Мындай чечим унаа жолдо кар жаап, жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу