Жаңылыктар
26.02.2025 20:25
Кароолор: 55
"СОСНОВКА" ПОСТУНДА МУНАЙ ЗАТ ТАШУУЧУ УНААЛАРГА ЧЕКТӨӨ КАЛТЫРЫЛДЫ
Бишкек - Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө алынып, мунай зат ташуучу унааларга эртең, 27-февраль саат 07:00гө чейин чектөө калтырылды.
Белгилей кетсек, Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек - Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда унаа жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө бүгүн саат 07:00дөн тартып убактылуу чектөө киргизилген.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР