Жаңылыктар

09.12.2024 09:36

   Кароолор: 451

"СОСНОВКА" ПОСТУНДА ЧЕКТӨӨ АЛЫНДЫ

Бишкек – Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 9-декабрда саат 09:00дө алынды.

Белгилей кетсек, кечээ, 8-декабрда Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Жайыл районунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 17:20дан тартып (№9 ЖТИнин сунушу боюнча) убактылуу чектөө киргизилген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу