Жаңылыктар
10.01.2025 07:00
Кароолор: 273
"СОСНОВКА" ПОСТУНА УБАКТЫЛУУ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ
Бишкек – Ош унаа жолундагы "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө 10-январга караган түнү саат 01:40тан тартып убактылуу чектөө киргизилди.
Мындай чечим унаа жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында №9 ЖТИнин сунушу боюнча кабыл алынды.
Унаа жолдун абалы жакшырган учурда чектөө алынат. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР