Жаңылыктар
08.01.2025 10:07
Кароолор: 686
"СОСНОВКА", “АРАЛ” ПОСТТОРУ АЧЫЛДЫ
Бишкек – Ош унаа жолундагы "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн саат 10:00дө алынды.
Ал эми "Арал" постундагы убактылуу чектөө бүгүн саат 09:00дөн тарта алынды.
Белгилей кетсек, "Сосновка" өткөрмө бекетинде кечээ, 7-январда саат 19:00дө, Токтогул районунун "Арал" өткөрмө бекетинде саат 19:45де оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.
Учурда “Өтмөк” ашуусунда да жол ачык.
Урматтуу айдоочулар жана жүргүнчүлөр учурда кар жаап, жолдор тайгак болгондугуна байланыштуу сак болуу жана эскертүүлөргө көңүл буруу сунушталат. Кандайдыр бир тоскоолдуктар жана кырсык болгон учурда "112" номерине чалууга чакырабыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР