Жаңылыктар
22.01.2025 22:35
Кароолор: 401
"СОСНОВКА", "АРАЛ" ПОСТТОРУНДА ЖЕҢИЛ УНААЛАРГА ЧЕКТӨӨ АЛЫНДЫ
Бүгүн саат 22:20да Бишкек - Ош унаа жолунун "Сосновка" жана "Арал" постторунда жеңил унааларга киргизилген чектөө алынды. Ал эми оор жүк ташуучу унааларга чектөө бар.
Саат 21:35ке карата "Сосновка" постунда 80 жеңил, 20 оор жүк ташуучу унаалар кезек күтүп турганы маалымдалган. Учурда тыгындардын жаралуусуна жол бербөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР