Жаңылыктар
01.12.2023 13:18
Кароолор: 498
"СКАЙ-МОБАЙЛ" – BEELINE СООДА МАРКАСЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ МАШЫГУУ ӨТҮЛДҮ
30-ноябрь күнү Бишкектин Гоголь көчөсүндө жайгашкан "Скай Мобайл" ЖЧК –Кыргызстандагы Beeline соода маркасынын имаратында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Өрт кырсыгын алдын алуу максатында уюштурулган машыгууда кырсык учурунда коргонуу, алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандарын колдонуу эрежелери, имараттагы эвакуация жолдору практикалык негизде көрсөтүлүп, профилактикалык үгүт иши жүргүзүлдү.
Өрт-тактикалык сабакка шаардын №3 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп, куткаруу кызматы жана Ыкчам нөөмөт кызматы (штаб), соода марканын кызматкерлери болуп, жалпы 250 адам катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР