Жаңылыктар

14.08.2024 11:03

   Кароолор: 230

"РУХ ОРДО" МАДАНИЙ БОРБОРУН ТАЗАЛООГО 189 АДАМ ТАРТЫЛДЫ

Бүгүн, 14-август күнү Чолпон-Ата шаарында селден кесепеттерин жоюуга ӨКМдин 123 куткаруучусу, 2 экскаватор тартылды. Жеринде сел кырсыгы катталган күндөн бери Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев көзөмөлгө алууда.

Мындан сырткары селдин кесепеттерин жоюуга жарандык коргонуу кызматтарынан 38 адам, 2 экскаватор, 1 грейдер, жергиликтүү тургундардан 28 адам жана жеке менчик 3 хово үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа тартылган.

Маалым болгондой 11,12- август күндөрү нөшөрлүү жаандан улам Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында жана Бактуу-Долоноту айылында сел жүргөн.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу