Жаңылыктар
01.11.2025 16:33
Кароолор: 134
"РАДУГА WEST" ЭС АЛУУ ЖАЙЫНДА ЧЫККАН ӨРТ ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНДЫ
Өрт саат 16:00дө чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө. Болжол менен тилсиз жоонун аянты 1600 чарчы метрди түзүп, 4 коттедж күйгөн. Жабыркагандар жок.
Маалым болгондой, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Кош-Көл айылында жайгашкан “Радуга West” эс алуучу жайында коттеджден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана ыкчам топ тартылган.
Кошумча маалымат берилет.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР Ысык-Көл башкармалыгы