Жаңылыктар
16.03.2024 17:39
Кароолор: 705
"ӨМҮР ҮЧҮН КҮРӨШҮП ЖАТСАК, ОЙНОП ЧАЛГАНДАР ДА БАР"
ӨКМге караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун "112" Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөтчү-диспетчердик кызматы сутка ичинде 7000-9000 чейинки чалууну кабыл алат.
Ал эми бул кызматта 24 саат бою иштеген нөөмөтчү орто эсеп менен 200-700 чейинки чалууну кабыл алат.
Каарманыбыз Нуржамал Мааданбекованын айтымында: "Жарандар кырсык учурунда дүрбөлөңгө түшүп, убакыттан уттуруп жиберишет. Мындан улам кандай кырсыкка кабылганын, кандай жардам керектигин атүгүл дарегин туура эмес айтып алышат. Албетте алоолонгон өрттү көргөндө, же катуу кырсыктап адамдын канын көргөндө баарыбыз эле өзүбүздү жоготуп коёт эмеспизби. Бирок ыкчам жана туура жардам алууда сабырдуулук менен абалды так сүрөттөп айтып берүүгө аракет кылуу керек"-, деп баса белгиледи.
Ал ошондой эле жумуш учурунда кичинекей балдар ойноп чаларын айтып, ата-энелерди балдарына түшүндүрүп айтууну чакырып өттү. Болбосо чынында жардам керек болуп жаткан адам чалганда линия бош эмес болуп, жадам бере албай калышыбыз мүмкүн. Себиби ар бир мүнөт адам өмүрүн сактап калууда маанилүү!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР