Жаңылыктар

01.06.2025 10:03

   Кароолор: 123

"МАНАС ДЕМИ" ЭЛ АРАЛЫК МАРАФОНУНА КУТКАРУУЧУЛАР АКТИВДҮҮ КАТЫШТЫ

Кечээ, 31- майда Таласта облусунда “Манас Деми” аталышындагы эл аралык чуркоо марафону алгачкы жолу өткөрүлдү.

Ага Россия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринин спортчулары жана жергиликтүү түзүмдөрдүн өкүлдөрү баштаган

1500 адам катышып, 21, 10 жана 3 чакырым аралыктарына чуркашты.

Жаштарды сергек жашоого үндөгөн эл аралык иш-чарага ӨКМдин Талас башкармалыгынын куткаруучулары активдүү катышышты.

Куткаруучулар чуркоого катышуу менен шамдагайлыгын, ыкчамдыгын көрсөтө алышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу