Жаңылыктар
04.12.2024 18:19
Кароолор: 130
"МАКСАТ" БАЛДАРДЫ РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОРУНА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛДҮ
Кыргызстанда 15-ноябрдан 15-декабрга чейин “Биз биргебиз!” аталышында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга бир айлык кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү иш-чаралары өтүүдө.
ӨКМге караштуу Окуу-изилдөө борборунун өздүк курамы тарабынан "Максат" балдарды реабилитациялык борборуна электр буюмдары берилди.
Белгилей кетсек аталган борбор тарабынан «Максат» балдарды реабилитациялык борборуна кайрымдуулук жыл сайын көрсөтүлүп келет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР