Жаңылыктар
18.10.2024 10:16
Кароолор: 359
"КОСМО ПАРКТА" ӨРТ ӨЧҮРҮҮ-КУТКАРУУ КЫЗМАТЫНЫН ИШИ БААЛАНДЫ
ӨКМдин Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгы кечээ, 16-октябрда Бишкектеги “Космо парк” оюн-зоок борборунда пландан тышкаркы атайлаштырылган өрт тактикалык машыгуусун өткөрдү.
Анын максаты – ар кандай өрт кырсыктары катталган учурда имараттын ичиндеги жарандарды өз убагында эвакуациялоо жана тилсиз жоону дароо өчүрүүгө өздүк курамдын күч-аракетин, даярдыгын текшерүү жана баалоо. Ошондой эле аталган оюн-зоок борборунун өрт өчүрүүгө жооптуу адистеринин иш жөндөмдөрүн текшерүү.
Бул оюн-зоок борборунун имараты чоң объектилерге кирип, элдин саны көп болот. Буга байланыштуу атайын өрт тактикалык планы боюнча 5 өрт өчүрүү техникасы, бир авариялык куткаруу жана үгүт-насаат ишин жүргүзүүчү бир унаа тартылды. Мындаш тышкары жол коопсузугунан эки экипаж, медицина кызматынан бир тез жардам унаасы жана өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсептен жалпы 38 куткаруучу чакырылды. «Өрт тутанууда», - деген маалымат түшөр замат имараттын ичиндеги 134 адам эвакуацияланып, 3-кабаттан түшө албай калган 2 жаран батут менен түшүрүлдү.
Оюн-зоок борборунда эвакуацияланган жарандарга жана башка кирип-чыккан кардарларга ӨКМдин адистери тарабынан өрттөн коргонуу, кырсык катталган учурда кандай чараларды көрүш керек жана тилсиз жоонун алдын алуудагы жоопкерчилик мамилелер тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында негизги өрт өчүрүү техникасы өз убагында келгени менен атайын багыттагы өрт өчүрүүчүлөр кармалып, аз убакытка кечигишти. Буга жолдогу тоскоолдуктар себеп болду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР