Жаңылыктар

14.04.2025 04:01

   Кароолор: 886

"КӨК-САЙ" КУРУЛУШ БАЗАРЫНАН ЧЫККАН ИРИ ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ

Бишкек шаарынын Свердлов районунда кечээ, 13-апрель күнү саат 23:59 чамасында “Көк-Сай” курулуш базарынын ичинде пластик, жыгач эшик-терезе, унитаз, эмерек чыгаруучу цехтерден жана “Евразия” базарынын боек капмасынан чыккан өрт саат бүгүн, 14-апрелге караган түнү саат 03:45те өчүрүлдү.

Тилсиз жоону ооздуктоого Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкармалыгынын, өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысы, ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы жетектеген ыкчам топ, Кризисттик кырдаалдарда башкаруу борборунун унаасы менен ыкчам топ, 1 дрон, Окуу-изилдөө борборунан 2 офицер, Свердлов райондук №3 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм, Свердлов райондук №2 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, Биринчи Май райондук №4 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, Октябрь райондук №5 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа тартылган.

Мындан сырткары Бишкек шаардык “Тазалык” муниципалдык ишканасынан 2 суу ташуучу унаа, Бишкексууканалынан 2 суу ташуучу унаа, Ички иштер министрлигинен 4 экипаж 16 кызматкер, тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада өрт өчүрүүгө чыгышты.

Тартылган күчтөрдүн жардамында бүгүн, 14-апрель күнү өрт саат 01:33тө чектөөгө алынып, саат 03:45те толук өчүрүлгөн. Өрттүн аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР


 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу